Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Брюсселде метро менен мектептер иштей баштады


Белгиянын баш калаасындагы коопсуздук операцияларынан улам 4 күндөн бери жабык турган метро жана мектептер бүгүн кайрадан ачылды.

Ошентсе да шаардагы коопсуздукту көзөмөлдөө иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда. Кошумча 300 полиция кызматкери мектептерди кайтарса, 200 полиция метро системасын көзөмөлдөшөт.

4 күндөн бери шаардагы метронун жарымы жабык турган. Музей жана башка коомдук жайлар да кайрадан иштей башташты.

13-ноябрда Париждеги террордук чабуулдардан кийин 21-ноябрда Брюcселде бир нече адам камакка алынган. Алар текшерилгенден кийин кайрадан эркиндикке чыгарылып, бешөө гана Париждеги окуяларга тиешеси бар деген шек менен кармалып турат.

Брюсcелде пландалган “Девис” кубогу аттуу Британия-Белгия теннис турнири 29-ноябрда болмокчу. Башка спорттук иш-чаралар адаттагыдай эле улана бермекчи.

XS
SM
MD
LG