Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:38

Бакуда Хадижа Исмаилованын соту уланууда


Хадижа Исмаилованы бошотууга чакырган акция
Хадижа Исмаилованы бошотууга чакырган акция

Бакунун апелляциялык сотунда “Азаттыктын” азери кызматынын журналисти Хадича Исмаиловага байланышкан иш каралып жатат. Жараянга судья Илгар Мургузов төрагалык кылууда. Жогорку бийлик чөйрөсүндөгү коррупцияны иликтеп жазып келген Исмаилова адамдарды каралаган, салык төлөгөн эмес, мыйзамсыз ишкердик кылган, мүлктү менчиктеп алган, укугун бейчеки пайдаланган деген айыптын негизинде быйыл 1-сентябрда жети жарым жылга эркинен ажыратылган. Ал өзүнө коюлган күнөөлөр негизсиз экенин билдирип, соттун чечимин кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатат. Буга чейин апелляциялык доо-арыз менен жогорку инстанцияга кайрылган.

Жактоочулар кылмыш ишин жаап, журналистти боштондукка чыгаруу талабын коюшууда. Эл аралык Amnesty İnternational укук коргоо уюму Хадича Исмаилованы “абийир туткуну” деп тааныган. (КЕ/NT)

XS
SM
MD
LG