Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Тажикстанда Интернетке чектөө киргизилет


Тажик парламенти
Тажик парламенти

Тажик мажилиси “Террорчулукка каршы күрөшүү жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдоду. Ага ылайык, террорчуларды кармоо, жок кылуу операциялары маалында белгилүү бир аймакта же бүтүндөй өлкөдө уюлдук байланыш менен Интернетке чек коюлат. Парламент депутаты Хайрулла Суфиев документ күч органдарынын операцияларына жарала турган тоскоолдуктарды алдын алууга шарт түзөөрүн билдирди.

Тажикстанда атайын операция маалында байланыш каражаттарын жана Интернетти өчүргөн учур буга чейин Раш өрөөнүндө жана Хорогдогу окуяларда байкалган. Быйыл сентябрда Тажикстанда дүрбөлөң салып, Рамит капчыгайына жашырынган коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал Абдухалим Назарзоданын тобун жок кылуу учурунда айрым маалымат сайттары, социалдык түйүндөр ачылбай, SMS билдирүүлөр убактылуу иштеген эмес. Байланыш тармагын көзөмөлдөгөн кызматтар мындай чектөөлөргө тиешеси жоктугун айтышып, техникалык мүчүлүштүктөргө шылтоо менен абалдан чыгышкан эле. (КЕ/NT)

XS
SM
MD
LG