Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Чикагодо массалык нааразылык акциясы болду


Чикагодогу нааразылык акциясы
Чикагодогу нааразылык акциясы

24-ноябрь күнү АКШнын Чикаго шаарында жүздөгөн демонстранттар ынды кара өспүрүмдү полиция кызматкери аткан видео жарыялангандан кийин каршылык акциясына чыгышты.

Прокурорлор 37 жаштагы полиция кызматкери Жейсон Ван Дайкка 2014-жылдын октябрь айында 17 жаштагы Лекуин Макдональдды атып өлтүрдү, деген айып коюшуп, видео материалды жарыялашкан.

АКШда мындай окуялар акыркы 18 айда кайталанып жатышына нааразы болгондор бир нече шаарларда нааразылык акциясына чыгышкан. Полициянын расалык азчылыктарга карата мамилеси коомдук талкууларга да себеп болду.

Жүздөгөн демонстранттар Чикагодо полицияга каршы нааразылыктарын билдиришти. 17 жашар өспүрүмгө полиция кызматкери Жейсон Ван Дайк 16 ирет ок чыгарган. Жаш улан жанында бычак ала жүргөнү, маңзат колдонгон деп шектелгени үчүн полициянын колунан ажал тапкан.

XS
SM
MD
LG