Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

Жаңы курулган мектеп мамлекетке тапшырылды


Оштогу мектептердин бири
Оштогу мектептердин бири

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Жетим-Дөбө айылында Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын көмөгү менен курулган жаңы мектеп мамлекетке өткөрүлүп берилди. 24-ноябрда мектептин ачылыш аземи болуп, ага өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, ассамблеянын президенти Саид Баюми, Билим берүү жана илим министрлигинин орун басары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

160 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу быйыл апрелде башталган. Жаңы имаратта 7 окуу классы, компьютердик жана директордун бөлмөсү бардык эмеректери менен бүткөрүлүп, мамлекеттин эсебине өткөрүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG