Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:13

Украина Орусия учактарына тыюу салды


Украин премьер-министри Арсений Яценюк менен президент Петро Порошенко

Украин премьер-министри Арсений Яценюк менен президент Петро Порошенко

Украинанын аба мейкиндигинен Орусиянын учактарынын учуп өтүүсүнө 25-ноябрдан тарта тыюу салынды. Орусиянын бардык авиакомпаниялары мындан ары Украинанын аймагын айланып өтүүсү керек. Бул тууралуу өкмөт башчы Арсений Яценюк билдирди.

Ал бардык орусиялык авиакомпанияларга, ошондой эле жүк ташуучу каттамдарга Украинанын аймагынан учуп өтүүнү тыйган буйрук чыгарды.

Яценюк Киев Орусиянын аба мейкиндигине учуу уруксаты боюнча сүйлөшүүлөр жемиштүү болот деп ишенип келгени менен Орусия аба коридорун ачпагандан улам ушундай чара көрдүк деди.

Яценюк тышкы саясаттагы курч акыбалдан пайдаланып, Орусия Украина аймагында првокацияларга барышы ыктымал деп эсептерин да кошумчалады.

Аскерий учактарды учурбоо буйругу мурда эле берилген. Эми ага жарандык авиация кошулду.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG