Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Москва учакты атып түшүрүү пландаштырылган деп шектөөдө


Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркия менен Сириянын чек ара тилкесинде орус учагын атып түшүрүүнү “атайын пландаштырылган чагым” болушу мүмкүн деп 25-ноябрда билдирди:

-Бизде атайын уюштурулган эмес дегенге өтө олуттуу күмөнүбүз бар. Бул атайын пландаштырылган чагымга окшош.

Сергей Лавров ошондой эле НАТО өлкөлөрү өнөктөшү Түркиянын аба күчтөрү жасаган ишти жаап коюуга аракеттенүүдө деп сындады. Түрк аскерий учагы Орусиянын СУ-24 учагын атып түшүрүүдө бир учкуч каза таап, бирөөсү куткарылды. Бул окуяга байланыштуу Түркия менен согушууга Орусиянын ниети жок деген Лавров, түрк элине карата да мамиле өзгөрбөгөнүн, бирок жетекчилигине коюла турган маселе бар экенин белгиледи.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жана жакын аралыкта жолугушууну макулдашканын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG