Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Иркутскидеги жол кырсыгынан жети кыргызстандык набыт болгону айтылууда


Орусиянын Иркутск облусунда эки микроавтобус кагылышып, жети киши набыт болду. Экөө оор абалда ооруканага түштү. Айрым маалымат каражаттар каза болгондордун баары Орусиянын жарандыгын алган кыргыздар экенин жазышууда. Аталган аймактын милициясынын маалымат кызматы жол кырсыгы болгонун “Азаттыкка” ырастап, бирок алардын улуту тактала электигин билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн түнкү саат бирлер чамасында, Нижнеудинск районундагы Худоелань айылында болгон. Анда "Тойота Хайс" менен "Санг Янг Истана" кичи автобустар кагылышкан. Учурда кырсыктын себептерин аныктап, тергөө иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG