Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Сариев: Бардык үйлөр милдеттүү камсыздандырууга өтүшү керек


Жер титирөөдөн кийин. Чайчы. 18-ноябрь, 2015-жыл
Жер титирөөдөн кийин. Чайчы. 18-ноябрь, 2015-жыл

Бул тууралуу өкмөт башчы бүгүн парламент жыйынында жер титирөөдөн жабыр тарткандар боюнча сүйлөп жатып билдирди. Ал Кыргызстанда катталган бардык үйлөр милдеттүү түрдө камсыздандырууга өтүшү керектигин белгиледи.

- Учурда мамлекеттик камсыздандыруу компаниясын түзүп жатабыз. Ал 2016-жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт. Мындан кийин табигый кырсык болсо, өрт чыкса компания чыгымды төлөп берет. Бул дүйнөлүк практика, биз ойлоп тапкан жокпуз. Азыр 500гө жакын үйдү калыбына келтирүү керек. Аларга мыйзам боюнча 200 миң сомдон гана бере алабыз. Өкмөт курулуш материалдарын арзандатып берүү жолдорун карайт.

17-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу, Алай районунун бир катар айылдарында күчү 6-7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Зилзаладан адам өмүрүнө зыян келген жок. Ош, облусу жана шаары боюнча 3100дөн ашуун үй жабыркап, 11 үй толугу менен жараксыз абалга келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG