Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Алты миллионунчу бөбөккө 1 млн. сомдук депозиттик эсеп ачылат


Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда алты миллионунчу ымыркайдын төрөлүшү менен анын ата-энесин жана кыргызстандыктарды куттуктады. Мамлекет башчы Ош облусунда төрөлгөн ымыркайга 1 млн. сомдук депозиттик эсеп ачууга буюрду. Мындан сырткары өзүнчө турак-жай бөлүп берүүгө өкмөттү милдеттендирди. Ошону менен катар бир мезгилде төрөлгөн 10 ымыркайдын үй-бүлөсүнө бир жолку материалдык жардам иретинде 100 миң сомдон бөлүнмөй болду.

Алты миллионунчу кыз бала Ош облусунда, аскер кызматкери Алмаз Кожошевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөнүн президентке бүгүн премьер-министр Темир Сариев сүйүнчүлөдү. Алмаз Кожошев жана Рахат Белекованын буга чейин үч уул, эки кызы болгон. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG