Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Жалал-Абад: эки жаран согуштук аракеттерге катышкан деп соттолууда


Шаардын 23 жаштагы Шухратбек Иминов жана Минажидин Ханназаров аттуу жарандары Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан жана башкаларды үгүттөгөн деген жалган жалаа менен сегиз айдан бери камакта жатат.

Бул тууралуу “Кылым Шамы” укук коргоо борборунун өкүлү Абдуназар Маматисламов “Азатыкка” билдирди. Жогорудагы эки жаран 2014-жылдын октябрь айында Стамбул шаарына иштөө үчүн кетип, жумуш жоктугунан биринчиси бир жумадан кийин, экинчи бала бир айдан соң Орусияга сапар алышкан. Быйыл апрель айында алар Кыргызстанга келгенде УКМКнын облустук башкармалыгынын кызматкери шектүү катары кармашып, экөөнү тең камакка алган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси “Жалданмачылык” боюнча айып тагылып, учурда ишти шаардык сот карап жатат.

“Балдарга каршы көрсөтмө берген эч ким жок, аларда Сирияга чек арадан өткөндүгүн тастыктаган документ да жок. Ошол себептүү кыйноо аркылуу балдарды күнөөсүн мойнуна алдырышкан”, - дейт Маматисламов.

Бул багытта азырынча УКМКнын башкармалыгы маалымат бере элек.

Жалал-Абад облусу боюнча учурда Сирия мамлекетине чыгып кеткен 90го чукул жаран бар. Анын 14тү каза таап, алты жаран Кыргыстанга кайтып келген. (RsK)

XS
SM
MD
LG