Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:02

Бүгүн өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү жана айыл чарба адистери Кочкор районунда курула турган “Темир-Тоо” эт комбинатынын долбоорун талкулашты. Дубан башчы Аманбай Кайыпов этти кайра иштетүүчү комбинаттын жоктугунан жергиликтүүлөр продукциясын сатууда 55 пайыз жоготууга учурап жаткандыгын белгиледи.

Комбинат курулса Нарындын этин башка өлкөлөргө сатуу мүмкүнчүлүгү ачылат жана анда жылына 22 миңден ашык бодо мал, 45 миңге чукул майда жандык сойууга болот.

Маалыматка караганда, курулуш иштерине 44 млн. сом керектелет. Облустун бийлик өкүлдүрү Кыргыз-орус фондунан 12 пайыздык насыя алууну көздөөдө. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG