Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:47

Британия Сириядагы согуштук операцияга катышууну каалайт


Дэвид Кэмерон

Дэвид Кэмерон

Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы эл аралык күрөшкө өз өлкөсү да катышуусу керек деген пикирде.

Ал парламентке Британия өзүнүн жана жанындагы өлкөлөрдүн коопсуздугуна кайдыгер карап турбашы керек деген сунушун жазып жиберди.

Бул сунушту британ мыйзам чыгаруучулары келерки аптада талкууга салат.

Британиянын оппозициялык Лейбористтер партиясы сунушту добушка коюу керек деп жатат.

Жергиликтүү телеканалдардын бирине интервью берген Лейбористтер партиясынын каржы иштери боюнча басма сөз катчысы Жон Макдоннель Ирактан алган чоң сабактан кийин Британиянын Жакынкы Чыгыштын дагы бир өлкөсүндөгү согуштук операцияга катышуусу опурталдуу болорун эскертти.

23-ноябрда Дэвид Кэмерон Францияга Британиянын Кипрдеги аскерий базасынан “ИМ” тобуна сокку урууга ыйгарым укук берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG