Линктер

шейшемби, 25-апрель, 2017 Бишкек убактысы 22:53

Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын акыркы окуяларга карата реакциясы эки өлкөнүн ортосундагы ымалага доо кетирип жатканын билдирди.

Москвада бүгүн сүйлөгөн сөзүндө Путин Кремль Анкарадан 24-ноябрда Сирия-Түркия чек арасында атып түшүрүлгөн согуштук учагы үчүн расмий кечирим суроо күтүп жатканын айтты.

-Азыркыга чейин Түркиянын лидерлеринен кечирим сурамак тургай, келтирилген чыгымды төлөп берүү тууралуу да эч нерсе айтыша элек. Бул ишти кылмыш деп атап, күнөөлүүлөр жазасын алат деши керек эле, - деди Путин.

Ошондой эле Путин акыркы мезгилде “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу ишмердигин арттыруусу айрым мамлекеттердин кайдыгерлигинен улам болуп жатканын кошумчалады.

24-ноябрда Сирия-Түркия чек арасында Орусиянын Су-24 согуштук учагы Түркия аба мейкиндигин бузду деп түрк аскер күчтөрү атып түшүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG