Брюсселдин өрт кызматынын 26-ноябрдагы кабарлоосуна караганда, Брюсселдеги чоң мечитте конвертке салынган сибирь жарасынын күкүмү табылганы телефон аркылуу маалымдалган. Изилдөөнүн жүрүшүндө ал кадимки ун болуп чыкты. Бельгиянын борбору 21-ноябрдан бери террор коркунучуна байланыштуу күчөтүлгөн коопсуздук шартында жашап жатат. Мындай чара 13-ноябрда 130 адамдын өмүрүн алган Париждеги теракттардан кийин кабыл алынган. Буга чейин белгисиз болуп келген христиан мамлекети деп аталган топ Бельгиядагы мечиттердин дарегине коркутуу-үркүтүүлөрдү акыркы мезгилде жолдошууда. (AiT)