Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Маликовго кол салуу боюнча кылмыш иши козголду


Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, дин таануучу Кадыр Маликовдун сабалышы боюнча “бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Маалыматка караганда, Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде Маликовду сабап качкандарга тиешелүү “БМВ” машинасы табылды. Шектүүлөр аныкталып, аларды издөө боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Окуяга күбө болгон 20дан ашуун киши суралды.

26-ноябрда кечке жуук Кадыр Маликовдун үйүнүн алдында белгисиз адамдар менен чыккан чырда анын жаагына бычак сайышкан. Ал №4 ооруканага жеткирилип, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Маликов “Дин, укук жана саясат” талдоо борборунун жетекчиси жана мусулман динаятчысы. Ал такфиристтерге, диний экстремизмге каршы чыккан аалымдардан. Милиция бул кол салуу анын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экенин айтып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG