Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Кыргызстандагы ислам тарыхы боюнча китеп чыгат


Курандын кол жазмасы
Курандын кол жазмасы

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду илимпоз-тарыхчыларды, дин таануучуларды чогултуп Кыргызстандагы исламдын тарыхы боюнча китеп чыгаруу, анын мазмуну жана түзүлүшү тууралуу талкуулады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фонддун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков кабарлады. Анын айтымында, буга чейин айрым жагдайларды анализдеген изилдөөлөрдү эске албаганда, мындай китеп чыккан эмес.

Китеп 250-300 беттен турат деп болжолдонууда. Аны 2016-жылдын жайында чыгаруу пландалып жатат.

“Ыйман” фонду жарандардын диний сабатын жогорулатып, конфессия аралык ынтымакты, дин жаатындагы сабырдуулукту чыңдоо, диний экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү максатында президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен былтыр жыл башында түзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG