Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Кыска метраждуу тасмалар фестивалына 13 тасма катышат


"Сүтак" тасмасы
"Сүтак" тасмасы

"Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалына 13 тасма катышат. “Айтыш фильм” киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идирисованын “Азаттыкка” айтымында, эл аралык кароо-сынакка катышуу үчүн КМШ, Балтия жана Грузия мамлекеттеринен 300 тасма келип түшкөн. Алардын ичинен 13 тасма фестивалга катышууга тандалып алынды. Калыстар тобунун чечими менен фестивалга катышууга Азербайжан, Армения, Беларус, Грузия, Казакстан, Латвия, Литвия, Өзбекстан, Украина, Орусия, Тажикстан, Эстония жана Кыргызстан сунуш кылган тасмалар жолдомо алды.

Үч күнгө созулган кинофестивал 12-декабрда “Манас” кинотеатрында кыргызстандык режиссер Гузел Дуйшенкулованын “Тазалыктын балдары” аттуу тасмасы менен башталат. Фестивал 15-декбрда жыйынтыкталып, тасмалар “Мыкты режиссура”, “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы”, “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” номинациялары боюнча сыйланат.

“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аталышындагы жыл сайын өтүүчү улуттук эл аралык кинофестивал быйыл бешинчи жолу өтүп жатат.(ZA)

XS
SM
MD
LG