Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Нарымбаев үч жылга, Коркмазов 1,5 кесилди


Бүгүн Биринчи май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Хажимурат Коркмазовдун ишин карап, өкүм чыгарды. Ага ылайык, Нарымбаевдин үй-мүлкүн конфискацияланып, үч жыл күчөтүлгөн тартипте абакка кесилди. Ал эми Коркмазов үй-мүлкүн конфискациялоо менен 1,5 жылга кесилди.

Буга чейин акыркы сөзүндө Нарымбаев, өзүн күнөөлүү эмес экенин жана коюлган айып боюнча далилдер табылбаганын айтып, өзүн актоосун соттон суранган болчу. Иште ортомчу катары аралашып калганын айткан Коркмазов да өзүн актоону суранган.

Мамлекеттик айыптоочу-прокурор Данияр Нарымбаевди 12 жыл 6 айга, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Коркмазовду 12 жылга үй-мүлктөрүн мамлекетке алуу менен эркинен ажыратууну сураган болчу.

Нарымбаев жана Коркмазов Коррупция жана пара алуу боюнча айыпталууда. УКМКнын маалыматына караганда, Коркмазов Нариман Түлеевдин мүлкү боюнча соттун чечимин жеңилдетүү максатында анын кызынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен июль айында кармалып, ал пара Данияр Нарымбаевге арналганын билдирген. (SDz/KE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG