Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

Чет өлкөдөн келген мигранттардын 70 пайыздан ашууну кытайлар


Мигрант кытайлар
Мигрант кытайлар

Бул тууралуу бүгүн “Ала-Арча” резиденциясынада өтүп жаткан коррупция боюнча координациялык кеңештин жыйынында айтылды. Жыйында чет өлкөдөн Кыргызстанга келген мигранттарды кабыл алуудагы, саламаттыкты сактоо жана мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы коррупциялык схемалар тууралуу сөз болууда.

Маалыматка караганда, Кыргызстанга кирген чет өлкөлүк мигранттардын 70 пайыздан ашууну Кытайдын жарандары. Андан кийинки орунда Түркия, Орусия жана Түштүк Кореядан келген жарандар турат. Айрым чет элдиктер өлкөгө келүүнүн мыйзамсыз жолун тандашат. Мындай учурда тиешелүү документ жасап берчү органдарга, алардын ичинен тартип коргоо органдарына 1,5 миң доллардын тегерегинде акча беришет.

Кыргызстан жыл сайын чет өлкөлүктөр үчүн 12 миң бош орун бар деп жарыялайт. Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин буга чейин берген маалыматы боюнча өлкөдө 20 миңге жакын кытай жараны бар. Бирок байкоочулар иш жүзүндө мындан да көп деген маалымат айтылып келет.

Бүгүнкү жыйында сырттан мыйзамсыз келген мигранттарга каршы туруу үчүн бирдиктүү автоматташтырылган каттоо системасы жок экени, электрондук виза берүү зарылдыгы жана ар канадй себептер менен виза берилбей калган адамдардын бирдиктүү тизмесин түзүү сунушталды. (КЕ/MTo)

XS
SM
MD
LG