Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:16

Нарымбаевдин адвокаты Бишкек шаардык сотуна кайрылат


Данияр Нарымбаевге карата соттун өкүмүнө каршы адвокат Бишкек шаардык сотуна арызданат. Бул тууралуу Нарымбаевдин адвокаты Михаил Зауман “Азаттыкка” билдирди. Алар коргоочусун толук актоону талап кылышууда.

Бүгүн Биринчи май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымабев менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Хажимурат Коркмазов боюнча өкүмүн чыгарды.Ага ылайык, Нарымбаевдин үй-мүлкүн конфискацияланып, үч жыл күчөтүлгөн тартипте, ал эми Коркмазов үй-мүлкүн кофискациялоо менен 1,6 жылга абакка кесилди.

Мамлекеттик айыптоочу-прокурор Данияр Нарымбаевди 12 жыл 6 айга, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Коркмазовду 12 жылга үй-мүлктөрүн мамлекетке алуу менен эркинен ажыратууну сураган болчу. Сот өкүмүн расмий колго алган соң айыптоочулар кеңешип кийинки кадамдарды жасай турганын бүгүн “Азаттыкка” билдиршкен.

Нарымбаев жана Коркмазов Коррупция жана пара алуу боюнча айыпталууда. УКМКнын маалыматына караганда, Коркмазов Нариман Түлеевдин мүлкү боюнча соттун чечимин жеңилдетүү максатында анын кызынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен июль айында кармалып, ал пара Данияр Нарымбаевге арналганын билдирген. (SDz/KE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG