Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

ЖК фракцияларлары Акыйкатчыга талапкерлерди тандоодо


Бүгүн Жогорку Кеңештин фракциялары Акыйкатчы кызматына талапкерлерди тандоого киришти. Парламенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, Социал-демократтар фракциясы учурда Акыйкатчынын милдетин аткарып жаткан Гүлнара Жамгырчиеванын талапкерлигин көрсөтмөй болду. Ал үчүн фракция мүчөлөрүнүн 22си добуш берген. Ал эми экинчи талапкер Турсунбек Акунду 9 эл өкүлү колдоду.

“Республика Ата-Журт” фракциясы ИИМ, МАИни реформалоо боюнча демилге көтөрүп келген юрист Атыр Абдрахматованын, “Ата Мекен” фракциясы “Интербилим” коомдук уюмунун жетекчиси Гүлгакы Мамасалиеванын талапкерлигин жактырды. Мындан сырткары парламент сыноосуна Турсунбек Акун менен Кыйноолорду алдын-алуу борборунун мурдагы жетекчиси Бакыт Рысбековдун талапкерлиги да сунушталганы жатат.

Талапкерлер арасында аты аталгандардан сырткары Марат Кайыпов, Асия Сасыкбаева, Нуркамил Мадалиев жана башкалар да бар. Алдын-ала маалыматтарга караганда, парламент декабрда Акыйкатчыны шайлайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG