Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:38

Берлинде теракт жасайт деп шектелген эки адам камалды


Берлиндин түштүгүндөгү полиция рейди. 26-ноябрь, 2015-жыл.

Берлиндин түштүгүндөгү полиция рейди. 26-ноябрь, 2015-жыл.

Берлин шаарынын полициясы билдиргендей, камакка алынган эки адам “мамлекетке коркунуч келтирген олуттуу кыянатчылыкка” барууга камынышкан.

Немис маалымдоо каражаттарынын билдиргенине караганда, бири сириялык, экинчиси тунистик бул эки адам тең “Ислам мамлекети” тобунун таасири алдында калгандар.

Камоолор полиция рейддерине удаа жүргүзүлдү. Шектелгендердин бири Ислам маданий борборунда кармалды. Полиция өкүлдөрүнүн айтымында, шектелгендер Берлинде азырынча теракттарды пландашкан эмес.

Полицияга теракт өлкөнүн түндүк –батышындагы Дортмунд шаарында жасалышы мүмкүн деген маалымат келип түшкөн.

Немис өкмөт башчысы Ангела Меркел Париждеги террордук чабуулдардан кийин коопсуздукка коркунуч али жогорку деңгээлде калып жатканын эки күн мурда эле эскерткен. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG