Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Францияда террордук чабуулдун курмандыктарын эскеришти


Париждеги эскерүү жөрөлгөсү. 27-ноябрь, 2015-жыл.
Париждеги эскерүү жөрөлгөсү. 27-ноябрь, 2015-жыл.

Париждеги эскерүү жөрөлгөсүндө сүйлөп жатып, президент Франсуа Олланд анын өлкөсү 13-ноябрдагы кылмышты жасаган фанатиктердин армиясын талкалоо үчүн колдон келгендин баарын жасайт деп убада кылды.

Париждин көчөлөрүндөгү үйлөрдүн балкондорунан жана айнектеринен Франциянын желеги түшүрүлүп, эскерүү жөрөлгөсүнө чакырылган 2000дей киши шаардын аскердик музейине чогулду.

Парижде “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алган, 13-ноябрдагы террордук чабуулдардан 130 кишинин өмүрү кыйылган. Курмандыктарды эскерүү жөрөлгөсү бүгүн андан туура эки аптадан кийин өткөрүлдү. (UE)

XS
SM
MD
LG