Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

Норвегия пакистандыктарды депортациялоодо


Бул өлкөнүн Исламабаддагы элчилиги билдиргендей, Норвегиядан башпаанек сураган пакистандыктардын отуздайы акыркы бир нече апта ичинде депортацияланды.

Элчиликтеги расмий өкүлдөрдүн айтымында, башпаанек сургандардын ишинин соттордо каралышы менен депортациялангандардын саны дагы өсүшү мүмкүн.

Быйыл эле Норвегиядан 400дөн ашуун пакистандык башпаанек сураган. Алардын 300дөн ашууну Норвегияга Орусия аркылуу киришкен.

Сирия, Ирак, Ооганстандагы согуштан качкандардын башпаанек суроосу көбөйгөндүктөн быйыл Норвегия да иммиграция боюнча мыйзамдарын катаалдаштырды.(UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG