Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Эрдоган Орусияны “от менен ойнобоого” чакырды


Режеп Тайып Эрдоган. Анкара, 26-ноябрь, 2015-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган. Анкара, 26-ноябрь, 2015-жыл.

Түркия президенти жума күнү өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Байбурт шаарында жактоочулары алдында сүйлөп жатып, Орусияны 24-ноябрдагы учак кыйроосу боюнча айыптоолорунда "от менен ойнобоого" чакырды:

- Бул инцидентте Түркияныкы туура экенин бүт дүйнө моюнга алып жатат. Бул инцидентти бизге каршы кабыл алынгыс айыптоолор үчүн колдонуп, көргөзөмө-жармаңкеге барган жарандарыбызга катаал мамиле жасоо от менен ойногондук.

Режеп Тайып Эрдоган алар аба мейкиндикти бузган учакка Түркиянын мындай учурларда реакция жасоо эрежелерине ылайык чара көрүлгөнүн кайрадан белгиледи.

Эрдоган ошондой эле Орусиянын Түркия “Ислам мамлекети” террордук тобунан мунай сатып алат деген айыптоосун да четке какты. Анын айтымында, АКШда орусиялык компаниялар жана “Ислам мамлекети” тобу кара майды Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтүнө сатканы боюнча “документалдуу далилдер” бар.

Түркия президенти келерки аптада Парижде орус президенти менен климат боюнча саммитте жолугуша аларына үмүт билдирди. Бирок, Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков мындай мүмкүнчүлүктү жокко чыгарып, муну Түркия учактын атылышы үчүн кечирим сурабай жатканы менен түшүндүрдү.

Түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы мурдараак кечиримди Анкара эмес, Москва суроосу керектигин билдирген.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусияга Түркиянын жарандары үчүн визасыз кирүү тартиби бир тараптуу түрдө 1-январдан тарта жоюларын бүгүн жарыялады.

Визасыз режимди жоюу Орусия Түркияга 24-ноябрда Сирия-Түркия чек арасында аскерий учагы атып түшүрүлгөн соң көрүп жаткан жооп чаралардын бири. (UE)

XS
SM
MD
LG