Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Колорадо штатындагы атышуудан үч киши өлдү


АКШнын Колорадо штатындагы үй-бүлөнү мерчемдөө ооруканасындагы атышуудан үч киши каза тапты. Өлгөндөрдүн бири полиция кызматкери. Жараат алган тогуз кишинин төртөө полиция кызматкери экени айтылууда.

Ооруканага кол салган Роберт Льюис Диар камакка алынды. Ал полицияга багынбай, бир топко чейин ок чыгарган. Кол салуунун максаты азырынча белгисиз. Бирок шектүү адам ооруканага ар кандай жабдыктарды алып кирген. Учурда алардын коопсуздугу текшерилип жатат.

АКШ президентинин терроризмге каршы күрөшүү боюнча кеңешчиси Лиза Монако Барак Обамага Колорадодогу кырдаал боюнча ыкчам маалымат берди. Каргаша жума күнү катталган. Учурда тергөө иштери жуүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG