Линктер

бейшемби, 23-февраль, 2017 Бишкек убактысы 20:22

Аскер прокуратурасы мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге карата "кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу" жана "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын маалыматында, Өмүралиев министр болуп турган 2013-жылы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасына 5 млн. сомду мыйзамсыз бөлгөн.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Прокуратура экс-министрден башка мекеменин бир катар кызмат адамдарына да кылмыш ишин козгоду. Таалайбек Өмүралиев 2011-2014-жылдары коргоо министри кызматын аркалаган. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG