Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

АКШ Түркиядан Сирия менен чек арасын жабууну талап кылууда


Вашингтон түрк бийлигине басым жасап, Сирия менен чек арасын жабууну талап кылууда. The Wall Street Journal кабарлагандай, АКШ Түркиядан Сирия менен чектешкен 100 чакырым аймагын тосмолоону талап кылууда. Бул үчүн түрк өкмөтү чек арага тишине чейин куралданган 30 миң аскер коюшу шарт.

Буга чейин “Ислам мамлекети” радикал уюму Түркия аркылуу күчтөнүп жатканын эл аралык коомчулук сындап келген. Маалыматка ылайык, эгер чек ара жабылбай террорчулар Түркия аркылуу Европага коркунуч туудурууну уланта берсе Анкара “олуттуу жооп” алары айтылат.

Сирия жана Ирактагы согушка каржылык колдоолор жана согушчандардын агымы Түркия тараптан болуп жатканы айтылганы менен түрк бийлиги мындай дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG