Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:04

Мамдирекция курган 278 батир ипотекага берилди


Ош мэри Айтмамат Кадырбаев Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамдирекция курган 278 батирди мекеме-ишканаларга ипотекалык шарт менен таратып берди. Эми бул батирлерди ар бир мекеме жетекчиси үйгө муктаж кызматкерлерине бөлүп бериши керек. Шаар башчысынын айтымында, үй алуучулардын жети жылдык ипатеканы төлөө мүмкүнчүлүгү, Оштун туруктуу жашоочусу болуусу, үйгө муктаждыгы сыяктуу шарттар сакталышы керектигин эскертти.

Ош мэриясы бул батирлерди 15% ипотека аркылуу таратып, андан түшкөн акчага да жаңы үйлөрдү курууну мерчемдеп жатат. Азырынча үйлөрдүн так баасы аныктала элек. Өлкөнүн түштүгүндөгү 2010-жылдын июнь коогасынан соң мамдирекция тарабынан 1400 батир курулган. Анын 607си июнь окуясынын жабырлануучуларына, 326сы күч түзүмүнүн кызматкерлерине, 45и майыптарга берилген. (YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG