Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Путин Түркияга каршы санкцияларга кол койду


Орусия президенти Владимир Путин
Орусия президенти Владимир Путин

Орус президенти Владимир Путин кол койгон жарлыкка ылайык, 1-январдан тарта Түркиядан ташылган товарлардын айрым түрлөрүнө, түркиялык жумушчу күчтүн өлкөгө киришине жана Орусиядагы түрк уюмдарынын ишмердигине чектөө киргизилет. Мындан сырткары жаңы жылдан тарта Орусия Түркия менен болгон визасыз режимин жоет.

Путин өкмөткө Орусия-Түркия ортосундагы чартердик авиакаттамдарга тыюу салуу, авто жана деңиз транспортторуна көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

24-ноябрда Түркия Сирия чек арасынан Орусиянын СУ-24 аскер учагын атып түшүргөндөн бери эки өлкөнүн мамилеси сууп баратат. Түрк бийлиги орус учагы аба мейкиндигин бузганын айтса, расмий Кремл муну жокко чыгарып келет.

XS
SM
MD
LG