Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:56

Дүйнө тааный элек Приднестровьеде шайлоо өтүп жатат


 43 орундуу парламентке 138 талапкер ат салышууда.

43 орундуу парламентке 138 талапкер ат салышууда.

Өз алдынча республика экенин жарыялаган Приднестровьеде парламентке жана жергиликтүү башкаруу органдарына шайлоо өтүп жатат. Али дүйнөлүк коомчулук республика катары тааный элек “өлкөнүн” 43 орундуу парламентине 138 талапкер ат салышууда.

Жергиликтүү басылмалардын жазышынча, шайлоодогу негизги күрөш Приднестровьенин президенти Евгений Шевчуктун тарапташтары менен "Шериф" аттуу ири ишкана жетекчисинин жактоочулары арасында жүрүп жатат.

Бул аймактын мыйзамы боюнча шайлоочулардын 25 пайызы катышса шайлоо өттү деп эсептелип, көпчүлүктүн добушун алгандар жеңүүчү деп табылат. Приднестровье 1999-жылы Молдованын курамынан чыгып, өз алдынча республика деп жарыяланган. Бул жерде Орусиянын аскер күчтөрү бар.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG