Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:03

Косоводо оппозиционер жана анын ондогон тарапташы камалды


Cаясатчы, 40 жаштагы парламент депутаты Альбина Куртини полиция кармап баратат.

Cаясатчы, 40 жаштагы парламент депутаты Альбина Куртини полиция кармап баратат.

Косово полициясы оппозициячыл саясатчы, 40 жаштагы парламент депутаты Альбина Куртини камакка алды. Ал улутчул, радикал көз карашы жана зомбулук коштолгон каршылык акциялары менен белгилүү. Ал Косово менен Сербиянын мамилесин жөнгө салуучу Брюссел келишимине каршылыгын билдирип, парламент жыйынында көздөн жаш агызуучу газ чачкан жана бир катар нааразыык акцияларын өткөргөн. Курти мындан сырткары Черногория менен болгон чек араны кайра тактоого каршы чыккан.

Ал өз таламдаштары менен Приштиндеги нааразылык акциясында кармалды. Альбина Курти Сербиянын үстөмдүгүнө 1990-жылы студент кезинде эле каршы чыгып, жамы журтка таанылган. Ал 2010-жылы "Самоопределение" партиясын түптөп парламенттеги 120 мандаттын 14үн алган.

Мындан он күнчө мурда дагы бир оппозициячыл депутат Доники Кадай-Буюпи камалган. Эки оппозиционердин камалышы тарапташтарын түп көтөрүшү мүмкүн. Буга чейин оппозициянын митингдеринен улам Косово парламентинин иши бир нече айдан бери токтоп турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG