Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

29-ноябрда дүйнө жүзүндө жүз миңдеген адамдар көчөгө чыгып, Парижде климаттык саммитке чогулган лидерлерден глобалдык жылуулукка каршы чараларды кабыл алуу талабын коюшту. Өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу тыюу салынганга карабай, Париждин борборунда миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышты.

Тирүү чынжыр болуп кол кармашып көчөгө чыккандар жоочулар 90 адамды өлтүргөн Батаклан концерттик залына жакын аянтта 100 метрлик бош жер калтырышты. Антикапиталисттик активисттер полиция менен кагылышууга барышты. Полиция көздөн жаш агызчу газ колдонсо, акцияга чыккандар тартип сакчыларына бөтөлкөлөрдү ыргытып, “Өзгөчө кырдаалдар, полициялык мамлекет” деп кыйкырышты.

Климаттын өзгөрүүсүна каршы чара көрүү талабы менен Сидней, Мадрид, Берлин, Сан-Паулу, Мехико жана Нью-Йоркто демонстарциялар болду. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG