Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

“Каба уулу Кожомкул баяны” аттуу даректүү китеп жарык көрдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” китептин түзүүчүсү, Кожомкулдун чебереси Орозалы Кожомкулов кабарлады. Жыйнакка Кожомкул балбанды көргөн замандаштырынын эскерүүлөрү, ал тууралуу тарыхчылардын гезит-журнал беттерине жарыялаган макалалары, сүрөттөрү жана балбанга арналган залкар акындардын ырлары киргизилген. Китептин өзөгүндө Кожомкулдун жалаң эле балбандыгына, алптыгына басым жасалбастан анын инсандык касиеттерине, Суусамыр өрөөнүндө башкарма болуп турган учурдагы жетекчилик, уюштуруучулук жөндөмү ачылып берилген.

Каба уулу Кожомкул 1888-1955-жылдары Суусамыр өрөөнүндө жашап өткөн. Анын 700 килограмм ташты 100 метр жерге чейин көтөрүп барганы, Төө-Ашуудан чарчап калган атын көтөрүп өткөнү айтылып келет. (ZA)

XS
SM
MD
LG