Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Канжар Кадыралиев тил кат менен бошотулду


Канжар Кадыралиев
Канжар Кадыралиев

Канжар Кадыралиев Октябрь райондук сотунун бүгүнкү чечими менен эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулду. Бул маалыматты “Азаттыкка” адвокат Икрамидин Айткулов ырастады. Буга чейин Кадыралиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болчу.

Экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиев мурда Ош шаардык прокуратурасында иштеген. Ага бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш иши козголуп, кызматынан бошотулган. Өзү болсо айыптардын баарын четке кагып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG