Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Париж: Дүйнө лидерлери климаттын өзгөрүшүн талкуулайт


Париждеги демонстрация.
Париждеги демонстрация.

Франциянын борбору Парижде Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу 21-конференциясы башталууда. Ага 150дөн ашуун мамлекеттин президент жана өкмөт башчылары катышууда. "Азаттыктын" кабарчысы Замира Кожобаеванын билдиришинче, катышуучу лидерлерди БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен Франция президенти Франcуа Олланд тосуп алууда.

Бул ири иш-чарага Кыргызстандан президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация да катышууда. Кыргыз делегациясынын катарында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Сабыр Атажанов бар. Атамбаев бүгүнкү жыйында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча сөз сүйлөйт.

Мунун алдында 29-ноябрда дүйнө жүзүндө жүз миңдеген адамдар көчөгө чыгып, саммитке чогулган лидерлерден глобалдык жылуулукка каршы чараларды кабыл алуу талабын коюшкан. Климаттын өзгөрүүсүна каршы чара көрүү талабы менен Сидней, Мадрид, Берлин, Сан-Паулу, Мехико жана Нью-Йоркто демонстарциялар болду. (КЕ/ZKo)

XS
SM
MD
LG