Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Назарбаев Орусия менен Түркияны эки тараптуу комиссия түзүүгө чакырды


Казакстан -- Президент Нурсултан Назарбаев калкка кайрылуу жасады. Астана, 30-ноябрь, 2015.
Казакстан -- Президент Нурсултан Назарбаев калкка кайрылуу жасады. Астана, 30-ноябрь, 2015.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Түркия атып түшүргөн орус аскерий учагына байланышкан чатактын себептерин иликтөө үчүн эки тараптуу комиссия түзүүнү сунуштады. Бүгүн Астанада калк үчүн жылдык кайрылуу жасаган казак президенти Орусиянын Су-24 учагына байланышкан жагдайга да токтоло кетти:

- Биз Орусия менен Түркия ортосундагы окуяга байланыштуу өкүнүч билдиребиз. Орусия аскерий учагы Түркияга эмес, террорчуларга чабуул жасаганы барган. Биз бул окуянын анык себептерин билбейбиз. Канчалык кыйын болсо да тез арада эки өлкө ортосунда мамлекеттер аралык комиссия түзүү керек. Тезинен күнөөлүүлөрлү аныктап, жазалап, кеткен катаны моюндап, катнашты калыбына келтирүү зарыл. Орусия менен Түркиядагы досторубузду ушуга чакырабыз, - деди казак президенти.

Нурсултан Назарбаев бул кайрылуусунун алдында, кечээ Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүп, түрк-орус карым-катышы начарлап кеткенине тынчсыздануу билдирген.

Орусиянын Су-24 аскерий учагы 24-ноябрда Түркия аба күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөн. Анкара ал Түркия аба мейкиндигин бузганын айтса, Москва учак Сирия аймагынан чыкпаганын билдирип келет.

Бул окуядан соң Орусия-Түркия алакасы кескин начарлап, орус президенти Владимир Путин ишембиде Түркияга каршы санкцияларды киргизүү тууралуу жардыкка кол койгон.

XS
SM
MD
LG