Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Тажикстан Сирияга азгырууга шектелгендерди Кыргызстанга кайтарды


Тажикстан Сирия менен Ирактагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна адамдарды азгырууга шектелген эки кыргыз жаранын Кыргызстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берди. Жахангир Курмушиев жана Каныбек Мейманов аттуу эки жарандын өткөрүлүп берилгенин Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан да бүгүн ырасташты. Бул эки жаран сентябрда Тажикстандын түндүгүндөгү Согди облусунан кармалган. Кошуна өлкө аларды тажикстандык төрт аялды балдары менен кошо "Ислам мамлекети" тобуна кошулууга көндүрүп, Кыргызстан аркылуу Түркияга, андан ары Сирияга жиберүүгө аракет кылган деп айыптаган.

Кыргыз жана тажик бийликтери Сирия менен Иракта өзүн "Ислам мамлекети" атаган террордук топтун катарына жүздөгөн жарандары кошулуп кеткенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG