Мурдагы премьер-министр Өткүр Султанов 76 жаш курагында дүйнө салганын өзбек өкмөтү бүгүн жарыялады. Анда Өткүр Султанов узакка созулган оорудан улам 28-ноябрдын кечинде каза таап, жекшемби күнү акыркы сапарга узатылганы айтылат.
"Азаттыктын" өзбек кызматы маркум көп жылдан бери бөйрөк оорусунан жапа чегип келгенин кабарлады. Өткүр Султанов өзбек өкмөтүн 1995-жылдан 2003-жылга чейин жетектеген. Кийин 2006-2011-жылдар аралыгында Ташкент авиа заводунунун башчысы кызматын аркалаган.