Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Атамбаев: Рязанов бир топ таланттуу актерлорду тарбиялады


Режиссер Эльдар Рязанов (оңдо) жана актер Андрей Мягков. 1977-жыл,
Режиссер Эльдар Рязанов (оңдо) жана актер Андрей Мягков. 1977-жыл,

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кинорежиссер Эльдар Рязановдун каза болгондугуна байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Телеграммада Рязановдун советтик кинематографиянын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон салымы белгиленип, анын тасмалары аркылуу бир топ таланттуу актерлор тарбияланып чыкканы айтылат. Ошондой эле бир нече муундагы көрүүчүлөр Рязановдун тасмаларынын таасиринде чоңойгону айтылган.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин атынан чын дилинен көңүл айтып, Эльдар Рязановдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүн жолдоду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады.

1927-жылы Самарада төрөлгөн атактуу кинорежиссер отуздун тегерегинде кино тарткан. Өзгөчө “Кызматтык роман”, “ Гусар балладасы”, “Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен”, “Карнавал түнү”, “Катаал романс” фильмдери Кыргызстан калкына да кеңири таанымал.

Акыркы мезгилдерде 88 жаштагы Элдар Рязановдун ден-соолугу начарлап, ооруканада дарыланып жаткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG