Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Жер титирөөдөн жабыркагандарга турак-жайдын 4 типтүү долбоору иштелип чыгат


Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Темир Сариев Ошто жер титирөөнүн кесепетин жоюу боюнча иштин жүрүшү менен таанышкан учурда билдирди. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, Сариев зилзаланын очогу орун алган Кара-Суу районунда болуп, жабыркаган турак-жайларды көрүп чыкты. Өкмɵт башчы маалымдагандай, турак-жайлардын 4 типтүү долбоору иштелип чыгат. Ага ылайык, жабыркаган жарандар каалаганын тандап алат да, ага жараша үйлɵр курула баштайт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, табигый кырсыктан соң 6 миңден ашуун турак-жай иликтенген. Алардын 400гө жакыны калыбына келтирүүгө мүмкүн эместиги аныкталды. Премьер-министр жабыркагандарга бөлүнчү 200 миң ссуда өз убагында бөлүнөрүн, азыр атайын эсепке 13,5 млн. сом жана 51 миң АКШ доллары чогулганын айтты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG