Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Казакстандан мыйзамсыз май ташып келаткан жети машина кармалды


Казакстандан мыйзамсыз дизелдик отун ташып келаткан жети машина кармалды. Бул тууралуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, алар буга чейин салык төлөөдөн качып, күйүүчү майды атайын схема менен ташып келишкен. Дизелдик отун Кыргызстандын аймагындагы базага куюлуп, андан насос менен сордурулуп, бензин ташуучу машиналарга куюлган. Күн сайын ушундай жол менен 70 миң тоннадай май ташылып, сатылып турган. Алдын ала маалымат боюнча, базанын иштеп жатканына 20 күндөй болгон.

Буга чейиин Күйүүчү май ташуучулар ассоциациясы аткезчиликке бөгөт коюу үчүн Казакстандан автоунаа менен май ташып өткөрүүгө убактылуу тыюу салууну сунуштаган. Ишкерлер мунай продуктуларын мыйзамсыз ташуудан мамлекеттик казынага салык жана башка төлөм түрүндө бир миллиард сомдой каражат түшпөй каларын айтып чыккан эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG