Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

Путин Парижде Эрдоган менен жолугушпайт


Парижде өтүп жаткан экологиялык саммиттин алкагында орус президенти Владимир Путин Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушпасын Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков бүгүн журналисттерге билдирди. Ал муну Түркия тарап орус учагын атып түшүргөнү үчүн кечирим суроодон баш тартып жатканына негиздеди.

Мунун алдында Түркия президенти Эрдоган Париждеги саммит алкагында Путин менен жолугушууга ниеттенип жатканы айтылган. Парижде бүгүн климаттын өзгөрүүсү боюнча БУУнун саммити башталып, ага 150дөй өлкө лидерлери катышууда.

Түркия премьер-министри Ахмет Давутоглу Анкара Москвадан кечирим сурабасын бүгүн дагы бир жолу кайталады. Ал Брюсселде НАТО баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушуп чыккан соң журналисттерге өз аба мейкиндигин коргоо укугун колдонгону үчүн эч кайсы өлкө кечирим суроону талап кыла албасын билдирди. Давутоглу Анкара Москва Түркияга каршы киргизген экономикалык санкцияларды кайра карап чыгарына үмүт артарын да кошумчалады.

Орусиянын Су-24 аскерий учагы 24-ноябрда Түркия аба күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөндөн бери эки өлкө алакасы кескин начарлап кетти. Анкара учак Түркия аба мейкиндигин бузуп, бир канча жолку эскертүүлөрдү тоотпой койгонун айтса, Москва ал Сирия аймагынан чыкпаганын билдирип келет.

Орус президенти Владимир Путин ишембиде Түркияга каршы экономикалык санкцияларды киргизүү тууралуу жардыкка кол койгон.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG