Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Обама: АКШ климат маселесинде жоопкерчиликти бөлүшөт


Барак Обама климат боюнча саммитте. Париж, 30-ноябрь, 2015.
Барак Обама климат боюнча саммитте. Париж, 30-ноябрь, 2015.

Парижде климаттын өзгөрүүсү боюнча Бириккен Улуттар уюмунун саммитинде АКШ президенти Барак Обама Кошмо Штаттар дүйнөнүн ири экономикасы болгондуктан жана өндүрүштүк газдарды өндүрүү көлөмү боюнча экинчи орунда тургандыктан глобалдык жылуулук маселесинде өз ролун таанып гана тим болбой, аны чечүүдө жоопкерчиликтин бир бөлүгүн аларын да билдирди. Барак Обама климаттын өзгөрүү кооптулугу артып баратышы азыркы кылымды мурдагы жүз жылдыкка караганда да көбүрөөк кыйчалыштыкка түртөрүн, андыктан бул коркунучка каршы туруу бардыгы үчүн жалпы милдет экенин белгилеп, Вашингтон бул маселеде кыйыныраак абалда калган өлкөлөргө финансылык жардам берүүгө даярдыгын да кошумчалады.

Франция баш клаасында бүгүн климаттын өзгөрүүсү боюнча БУУнун саммити башталган.

Жыйынды ачып жатып БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун буларды айтты:

-150дөн ашуун өлкө лидерлери Парижге келип, бир жерде, бир учурда, бир максат менен чогулуп отурат. Биз буга чейин мындай сыноого кабылган эмеспиз. Биздин колдо азыр жакшы мүмкүнчүлүк турат. Кийинки муундун сак-саламат жана жакшы жашоосун камсыздап берүү биздин колубузда.

Жер жүзүндөгү экологиялык абалды коргоого багытталган көп тараптуу жаңы келишимди кабыл алуу максатын көздөгөн бул жыйын 11-декабрга чейин созулуп, ага 150дөй өлкөнүн лидерлери катышууда.

XS
SM
MD
LG