Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Талиптер өзбек согушкерлерин талкаладыбы?


“Өзбекистан ислам кыймылынын” башчысы Усман Гази.
“Өзбекистан ислам кыймылынын” башчысы Усман Гази.

Ооган талиптери менен салгылашууда “Өзбекистан ислам кыймылынын” башчысы Усман Гази туткунга алынганы кабарланууда.

Ооган бийлиги "Талибан" кыймылы менен “Ислам мамлекети” тобуна кошулуп кеткен өзбек согушкерлеринин ортосунда кагылышуу болгонун тастыктап, бирок Усман Газинин туткундалганын ырастаган эмес. Бирок “Өзбекстан ислам кыймылынын” маалымат катчысы Нусратулло Муджахид бул маалыматты кыйыр түрдө тастыктоочу жүйө катары интернетке тараган видеотасмасын айтууда.

Кырчылдашкан салгылаш

Ооганстандын күч түзүмдөрү Забул провинциясында “Талибан” кыймылынын согушкерлеринин ортосунда кырчылдашкан салгылаш болгонун ырасташууда. Анда “Талибан” кыймылынын башчысы Ахтар Мансурга каршы талаа командирлеринин бири Мухаммад Расул жана анын оң колу саналган Мансур Дадулла баштаган топ урушка чыккан.

Расмий маалыматтарга караганда, Ахтар Мансурга каршы салгылашууга чыккандардын арасында өзбек согушкерлери да болгон жана атышуу учурунда эки тараптан тең сексенге чукул жоочу каза тапкан.

Бейрасмий маалыматтар боюнча ал урушта “Өзбекстан ислам кыймылынын” башчысы Усман Гази туткунга алынды дешсе, экинчисинде ал дарга асылды деген так эмес маалыматтар тараган. Алты ай мурун Усман Гази “Ислам мамлекети” тобуна өтүп кетип, талиптердин жаңы жетекчилигин алдамчылыкка жана непотизмге ооп кеткендиги үчүн айыптаган болчу.

Ооганстандагы ИМдин мүчөлөрү
Ооганстандагы ИМдин мүчөлөрү

“Голос Ислам.ру” аналитикалык порталынын маалыматына ылайык, Усман Гази ал урушта туткунга алынганы чын. Талиптерге каршылык көрсөтүү учурунда аталган амир менен кошо алтымыштай жоочу багынып берип, элүүгө чукулу жок кылынган. Кийин Шариат сотунун өкүмү боюнча туткунга алынгандардын арасынан бир нече адам чыккынчылыкка айыпталып, дарга асылган. Аталган интернет порталдын ырасташынча, жыйырма жылдай өкүм сүрүп, Каримов режимине коркунуч жаратып келген бул кыймыл бир учурда аны коргоосуна алган жамаатка өзүн карама-каршы коюп алган үчүн жок кылынды.

Курчоодо калгандардын кайрылуусу

Ошол эле кезде “Азаттыктын” өзбек кызматы социалдык тармактарда “Өзбекстан ислам кыймылынын” маалымат катчысы Нусратулло Муджахид деген эркек кишинин видеотасмасы чыкканын жазып чыкты. Бул адам мурда да аталган кыймылдын расмий билдирүүлөрүн жарыялап келген болчу.

Нусратулло деген адам өз кайрылуусунда диндештери менен коштошуп, алардан кечирим сурап жана өксүп ыйлаганы тасмага тартылган. Ал өзүнүн тарапташтары менен буктурмага кабылганын айтып, анын диндеш бир туугандарынын жарымы шейит кетип, жарымы туткундалганын айткан. Бирок тасмадагы адам кимдердин буктурмасына кабылганын ачык айткан эмес. Аягында курчоого алгандар алардын “Ислам мамлекети” тобуна берген антын бузууну талап кылып жатканын кошумчалаган.

“Азаттыктын” өзбек кызматы тасмадагы үн Нусратулло Муджахиддики экени такталбаганын белгилеген. Бирок ал соңку эки жумадан бери социалдык тармактагы кайрылууларга жооп жазбай жатканы көрсөтүлгөн. Быйыл 6-октябрда белгисиз бирөө Фейсбуктан Муджахидге жазган билдирүүсүндө талиптердин башчысы Ахтар Мансур Усман Газини жок кылгысы келип жатканын жана бул боюнча ал Өзбекстан менен келишип алганын кабарлаган.

Бул кат алышуунун чын-бышыгы туурасында да “Азаттыктын” өзбек кызматы кандайдыр бир тастыктама таба алган эмес. Бирок Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Забулдагы "Талибандын" бөлүмүн Усман Гази жетектеп келгенин ырастаган болчу. Быйыл жазында “Өзбекстан ислам кыймылынын” жоочулары Пакистандын аймагын таштап, Ооганстандын түндүк жана түштүк аймактарына жайгаша баштаганын жарыяланган эле.

“Азаттыктын” өзбек кызматына көз каранды эмес журналист Исомиддин Туйгун учурда Усман Газинин тагдыры эмне болгону тууралуу маалымат жок экенин белгиледи:

Оогандагы талиптер
Оогандагы талиптер

- Усман Гази баш болгон жүздөн ашуун согушкерлер Забул провинциясына жайгашканы тууралуу маалымат бар болчу. Ошондой эле атайын кызматтарга жакын булактар алардын амири мурдагы айларда “Ислам мамлекети” тобунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү туурасында айтышкан. Ошондой эле мен дагы бул жактан Усман Гази Забулдагы уруштан кийин өлтүрүлгөнү тууралуу уктум. Бирок мына ошону тастыктай турган маалыматтарды издеп, таба алган жокмун. Талиптерге жакын адамдар дагы муну ырастаган жок. Алар бул окуя тууралуу билбейбиз деп коюшту.

Ооганстандын "Ислам эмирлиги" уюмунун кийин жарыяланган билдирүүсүндө Забулдагы уруш талиптердин ортосунда эмес, өздөрүн “Ислам мамлекети” тобунун жоокерлери деп атаган согушкерлерге каршы жүргүзүлгөнү айтылып, алар "Талибан" кыймылына каршы чыгып, чыккынчылык кылганы үчүн жазаланганы маалымдалган. Бирок бул билдирүүдө өзбек жоочуларынын башчысы Усман Гази тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

Ооган аналитиктери Усман Гази туткунга алынып же дарга асылган күндө дагы талиптер ал тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбай турганын белгилешүүдө. "Талибанды" жыйырма жылдан ашуун башкарган молдо Омор өлгөндөн кийин кыймылдын ичиндеги согушкерлер топторунун ортосунан жарака кетип, ынтымагы ыдырай баштаганы жана ал барып өз ара пикир келишпестикти күчөткөнү буга чейин эле жарыяланып келген. Өзбекстан ислам кыймылы 1996-жылы түптөлүп, бир катар мамлекеттерде террористтик деп таанылган болчу.

XS
SM
MD
LG