Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:09

Барак Обама климаттын өзгөрүүсүнө каршы “тикеден тик турууга” чакырды


Саммитке катышып жаткан дүйнө мамлекеттеринен келген 150 лидерге кайрылган Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама,“тикеден тик туруп”, климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүгө үндөдү. 30-ноябрда сүйлөгөн сөзүндө Барак Обама, “кайра калыбына келүүчү энергияны” кеңири колдонууга чакырды.

Саммитти ачкан Франция президенти Франсуа Олланд климатка байланыштуу саммиттердин деңгээли буга чейин мынчалык бийик болбогонун айтып, дүйнө климат боюнча келишим кабыл алуунун акыркы чегине келди, “азыр же эч качан” деди. Бирок Индия өкмөт башчысы Нарендра Моди өнүгүп келаткан өлкөлөр көмүр, мунайга муктаж деп, аларды өнүгүү үчүн колдонууга аргасыз экенин билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG