Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Мамытов: ИМден баарын күтүүгө болот


Токон Мамытов
Токон Мамытов

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы теолог Кадыр Маликовго кол салгандарды "Ислам мамлекетинин" жактоочулары деп атады. Орусияда террордук уюм катары тыюу салынган бул уюм Кыргызстанда канчалык жайылган жана тарапкерлери канча? "Азаттыктын" суроолоруна атайын кызматтардын генералы Токон Мамытов жооп берди.

“Азаттык”: "Ислам мамлекетинин" катарында согушуу максатында кыргыз жарандары Сирияга барып жатканы белгилүү. Бирок алардын бул жерде белгилүү диний аалымга кол салуусу өзгөчө бир сестенткен окуя болуп жатат. ИМдин тарапкерлери Кыргызстанда канчалык көп?

Мамытов: ИМдин курамына диний багыттагы көп уюмдар кирет. Батыш өлкөлөрдүн эксперттеринин маалыматы боюнча, ИМдин курамына 20дан ашык ар кандай уюмдар кирет. “Чыгыш Түркстан”, “Жайшүл-махди” жана “Хизб-ут Тахрирге” чейинкилер кирген. Ушул уюмдардын баарынын Кыргызстанда өзүнүн баштапкы уюмдары, өкүлдөрү бар. Ар бир баштапкы уюм өзүнчө функцияга ээ.

“Азаттык”: Булардын башын бириктирген, координациялаган башчысы барбы же өзүнчө жүргөн фанатиктерби?

Мамытов: Булар төрт-беш кишиден турган баштапкы уюмдарда иштейт. Алардын ичинен бир жетекчиси бар. Баштапкы уюмдун мүчөлөрү бири-бирин билбей калган кезде да бир башчысына баш иет. Андай баштапкы уюмдардын жетекчиси чет өлкөдө болот. Бангладеш, Пакистан, Сирия, Ирак, Ооганстанда болот. Бул жерде жетекчилери жок.

“Азаттык”: ИМдин мүчөлөрү Кыргызстанда кандай кадамдарга барууга даяр?

Мамытов: "Ислам мамлекетинин" баштапкы уюмдарынын ар биринин өзүнчө функциялары бар. Кээ бирлери бомба, башкалары документ, дагы бири жаңы мүчөлөрдү даярдайт. Айрымдары теракттарды уюштурат. Ар бир баштапкы уюмдун өз-өзүнчө милдеттери бар. Алардан баарын күтүүгө болот.

“Азаттык”: Кыргызстандагы кээ бир мечиттерде сунниттер менен шииттерди карама-каршы коюу, аларды каапыр катары көрсөтүү байкалат. Бул биздин муфтият тарабынан айыпталган. Бирок жетишсиз болуп жаткандай...

Мамытов: Мындан жыйырма жыл мурун шиит багыты менен суннит багыттын ортосунда чоң карама-каршылык байкалчу эмес. Анча-мынча келишпестик болсо да, ал тынчтык жол менен эле чечилчү. Кийин "Ислам мамлекети" чыккандан кийин, талиптер учурунда сырткы күчтөр мусулмандарды бөлүп-жаруу максатында ушундай иштерге барышкан деп ойлойм.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG