Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

Бишкек-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 10 киши жабыркады


Бишкек-Торугарт автоунаа жолу

Бишкек-Торугарт автоунаа жолу

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 60-чакырымында “Исузу” жүк ташуучу автоунаасы менен “Мерседес-Спринтер” кичи автобус кагылышкан. Кичи автобустагы 10 киши жараат алып, Токмок аймактык ооруканага жеткирилди. 59 жаштагы аял алган жараатынан улам каза болду.

Жол кайгуул кызматынын маалыматына караганда, тогуз айда Кыргызстанда 5143 жол кырсыгы катталган. Андан 774 киши мерт болгон. Жараат алгандары 7594 адам.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG