Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:02

Көзүнөн операция болгондордун материалдык чыгымдары соттон чечилет


Саламаттык сактоо министрлиги Израилден келген врачтардын операциясынан кийин ден соолугу начарлагандар боюнча маалымат берди. Министрлик бул окуя боюнча сентябрь айында атайын кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Комиссиянын тыянагында “Сиондун көзү” аттуу коомдук фонду Кыргызстанда 2012-жылдан бери иштеп келатканы, андан бери үч жолу кайрымдуулук негизде оор көз оорулар боюнча операция жасалганы айтылат. Жалпысынан үч жылда 500дөн ашуун киши каралып, 200гө жакын кишиге операция жасалган. 2015-жылдагы операциядан кийин ондон ашуун адамдын абалы оорлоп кайрылган.

Буга байланыштуу операция жасалган клиника инфекцияга текшерилип, терс жагдайлар табылган эмес. Ошондой эле операциядан кийин абалы оорлоп кетүү ыктымалдыгы бар экенин белгиленген. Ал эми моралдык жана материалдык чыгымдарды төлөө маселеси сот аркылуу чечилери айтылат.

Чет өлкөлүк дарыгерлер август айында Ош облустук ооруканада 60тан ашык адамдын көзүнө операция жасаган. Алардын онго жакынынын абалы оорлоп, айрымдары көзүнөн айрылганын “Азаттык” жазып чыккан. Бишкек шаарынын тургуну Жылдызбек Мамасеитовдун айтымында, атасынын бир көзү чел кабыгын алдыргандан кийин эле ириңдеп кеткен.

Израилден келген дарыгерлер Кыргызстанда 17 - 23-августта болушкан. Оштон сырткары Бишкекте да болуп, жалпысынан 240тай адамды караган жана 90 операция жасалган. Алар Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Кыргызстандагы Израилдин элчилигинин кызматташуусунун негизинде “Сиондун көзү” аттуу коомдук фонддун колдоосу менен келген жана буга чейин Кыргызстанда эки жолу болгон. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG